Всего на сайте:
183 тыс. 477 статей

Главная | Биология, Зоология, Анатомия

Душман Курчоого Алынат  Просмотрен 35

Кыртыштарга (тканьдарга) кирген нейтрофилдер жетилген клеткалар болгондуктан ошол замат фагоцитозду баштай алышат. Нейтрофил жат клеткага жакындаганда алгач ал клеткага тийет жана клетка айланасында ар кайсы багытты көздөй узарган калпычы колдорду созот. Ал колдор клетканы ороп, клетка айланасында жолугушуп, бир-бирине кошулушат. Жат клетка эми нейтрофилдин ичинде камалып калат. Клетка андан соң клетка мембранасынан айрылып нейтрофил цитоплазмасынын ичин көздөй сиңет. Бир нейтрофил өлөөрдөн мурда көбүнчө 5-20 бактерияны фагоцитоз кыла алат, б.а. жок кылат.

Моноциттер болсо кызматын орундатуу үчүн алгач өрчүшү керек болот. Макрофагдардын баштапкы абалы болгон моноциттер кыртыштарга өтөөрдөн мурда канда 10-20 сааттай айланышат. Кыртыштарга өткөн соң шишип чоңойот жана макрофагга айланышат. Фагоцитоз процесстери учурунда талкаланмайынча, бир канча ай, ал тургай, бир канча жыл жашай алышат. Кыртыш (ткань) макрофагдары кыртыштарда дайыма инфекцияларга каршы коргоону камсыздаган кемчиликсиз бир система. Фагоцитоз ыкмалары болсо нейтрофилдерден башкачараак. Көбүнчө 100 бактерияны фагоцитоз кыла ала турган жөндөмгө ээ. Нейтрофилдер бактериялардын чоңдорун фагоцитоз кыла албаса, макрофагдар алда канча чоңдорду да жок кыла алышат.

Нейтрофилдер фагоцитоз кылган клеткаларды көбүнчө өз ичтерине сиңиришет.

Бул сиңирүүнүн натыйжасында бактериядан уулуу заттар чыгарылат жана нейтрофил максимум 25 бактерияны фагоцитоз кылган соң бул уулуу зат анын өлүмүнө себеп боло турганчалык көбөйөт. Кандайдыр бир мааниде нейтрофил биздин жашашыбыз үчүн өз жанын берүүдө. Мындан соң эми уулуу бир зыяндуу затка айланган нейтрофил макрофагдар тарабынан фагоцитоз аркылуу жок кылынат.

Макрофагдардын коргоосу дене үчүн чындыгында өтө маанилүү. Душмандардын чабуулу биринчи этапта ушул акылдуу клеткалардын иш-аракеттери натыйжасында токтотулат. Макрофагдар ушунча көп иш-аракет жасаса, башка өлтүргүч клеткалар болгон лимфоциттердин кандай кереги бар? Эмнеге дене үчүн экинчи бир коргоого муктаждык бар?

Буга себеп чабуулчулардын ар кандай өзгөчөлүктөрдө болушу. Дайыма бизге келиши ыктымал болгон душмандарга каршы дененин ичинде өз-өзүнчө чаралар көрүлгөн. Кээде кеңири масштабдуу жана күчтүү бир армияга муктаждык жаралышы мүмкүн. Себеби кээ бир душмандар чабуул койгон денени толугу менен каратып ала турганчалык күчтүү болушу ыктымал. Мына ушундай кооптуу учурларда лимфоциттер ишке киришет жана чабуулчулар менен «кандуу» согуш башташат.

В) Армиянын башкы командирлери: Лимфоциттер

Лимфоциттердин душмандарды токтото турган уулуу химиялык куралдары бар. Бир канча микрон чоңдуктагы бир клетканын уу өндүрүп башташы жана аны керектүү жерде жана керектүү учурда колдоно алышы, албетте, кереметтүү бир жаратуу далили. Технологиялык мүмкүнчүлүктөрү бар акылдуу бир адам үчүн бир уу өндүрүү өтө комплекстүү бир процесс болуп саналат. Бул жердеги өндүрүүчү болсо канда айланып жүргөн кандайдыр бир клетка жана, албетте, эч кандай химиялык илими жок. Болгондо да, жогорку жөндөмдүү лимфоцит үчүн колунда уунун бар болушу эле жетиштүү болбойт. Аны каерде сактап, каерде колдонушу керек экенин да аныкташы зарыл. Антпесе, ал уудан өзү да жабыркап, дене да өз аскерлеринин чабуулунан жеңилип калышы мүмкүн.

Лимфоциттер ушунчалык пландуу жана акылдуу болгондуктан, өзгөчөлүктөрү баяндалып жатканда сизге аң-сезими бар бир адамдан сөз болуп жаткандай сезилип кетиши мүмкүн.

Негизи мындай салыштыруу да жетиштүү болбойт. Себеби аң-сезимдүү жана чара көргөн бир адам да кааласа каалабаса ката кетириши мүмкүн. Лимфоциттерде мындай ыктымалдык жок. Бул акылдуу клеткалар эң биринчиден дене тарабынан алар үчүн өндүрүлгөн ууну өздөрүнө да, бизге да зыян тийгизбей турган абалда алып жүрүшү керек болот.

Лимфоциттер бул заттын ыктымалдуу зыянын билгенсип, ууну өз клетка мембранасындагы чөйчөкчөлөрдүн ичине ташышат. Лимфоциттер өтө этияттык менен ташыган бул ууну кайсы клеткага киргизиши керек экенин билиши зарыл. Мындай маалыматы жок болсо өтө чоң коркунуч жаралат, себеби бул уста жоокерлер денедеги «ар кандай клетканы» жок кыла турган күчкө ээ. Душман менен досту айырмалай албашы денедеги бүт клеткалардын өлүмүнө себеп болушу мүмкүн.

Лимфоциттердин кызмат бөлүшүүсү: В жана Т лимфоциттери

В клеткалары – дененин курал заводдору. Жилик чучугунда жаралып, кан аркылуу лимфаларга өтөт жана ал жерде өмүр сүрүшөт. Кооптуулук учурунда логистикалык колдоо В клеткалары тарабынан көрсөтүлөт. Душманды өлтүрүү үчүн өндүрүлгөн куралдар – бул антителолор. В клеткалары Y формасында антителолорду пайда кылышат жана алардын миңдегенин тоголок денелерине жабыштырышат. Клетканын кабыгын эми ушул кабылдоочу антителолор түзүп калат. Денеге кирген бир жат нерсе бул кабылдоочу радардан кача албайт. В лимфоциттери бул формага келген соң көп жылдар бою денеде бир детективдей кыдырып жүрүшөт.

Денеге бир жат нерсе киргенде болсо коңгуроо кагуу убагы келген болот. В лимфоциттери аларды заматта кабылдайт жана душман турган жерди көздөй тездик менен жөнөйт. Бул клеткалар кармаган душмандын, мисалы бир вирустун бүт белокторун ичине киргизишет жана аны талкалашат. Андан соң вирус бөлүктөрүн болсо өз клеткаларынын бетине жабыштырышат. Окуя аяктаганда В лимфоцитинин бетинде вирус бөлүктөрү калат. Ал бөлүктөр эми душмандын кимге тиешелүү экенин аныктоочу «антигендер» болот.

Бул этаптан соң В клеткалары колдоого муктаж болушат. Колдоо үчүн жаратылган жардамчы Т клеткалары ошол замат муктаждык пайда болгонун байкашат. Жардамчы Т клеткалары антиген бөлүктөрүн алып жүргөн В клеткаларын тааныйт жана аларга жакындап сүзүшөт. Бул сүзүшүү учурунда В лимфоциттери Т клеткаларына бир катар көрсөтмөлөрдү камтыган бир зат чыгарат. Ал көрсөтмөлөрдө ал антигендин бир «душманга» тиешелүү экени жана ал душмандын өздүк маалыматын башка Т жана В клеткаларына же, башкача айтканда, башка полиция бөлүктөрүнө көрсөтүшү керек экени белгиленген.48 Жардамчы Т клеткалары көрсөтмөлөрдү алаар замат ал жерден жөнөйт.

Бул жерде Т клеткалары менен жакшыраак таанышуу туура болот. Т клеткалары жүрөктүн үстүндө жайгашкан богок безинде (тимус) пайда болушат. Жетилген соң ал жерде ар кандай антигендерди таанууну үйрөнүшөт. Бул таалим өмүрүбүздүн калган бөлүгү үчүн өтө маанилүү бир таалим болот. Антигенди тааныбаган бир иммундук клетка денени, албетте, коргой албайт. Богок безинде пайда болгон Т клеткалары ушунчалык кеңири масштабдуу бир таалимден өткөндүктөн, табияттагы «жүз миллиондогон» антигенди оңой гана тааный алышат. Алардын таалиминин кереметтүү тарабы болсо – бул денебизде лабораторияларда жасалган жасалма антигендерди да тааный ала турган Т клеткаларынын бар болушу.

Предыдущая статья:Б) Моноцит жана нейтрофилдер кызматта Следующая статья:Тромбоциттер жана алардын организмдеги орчундуу кызматы
page speed (0.0144 sec, direct)